
Бүгүн, 23-июнда Ошто маркум журналист, режиссер Таиржан Турсуналиевдин элесине арналып кичи футбол боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн арасында мелдеш өттү.
Ага Ош жана Жалал-Абад облусундагы жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнөн куралган 6 команда катышты. Алар; «Т-Медиа», «Ынтымак», «ЖТР», «Акипресс», «Ош ТВ», «Ардагер» командалары.
Жыйынтыгында 1-орунду Ынтымак телеканалынын «Ынтымак», 2-орунду «АКИпресс-Ош», 3-орунду «Ош ТВ» командасы алды. Жеңүүчүлөргө Т.Турсуналиев медиа мектебинин коомдук бирикмесинин төрагасы Д.Садиев белектерди тапшырды. Мелдеш аталган медиа мектеп тарабынан уюштурулду.
Пикир калтыруу