Дин тутуу эркиндиги тууралуу мыйзам өзгөрөт

Кыргызстанда дин тутуу эркиндиги боюнча мыйзамга өзгөртүүлөр кирет. Ага ылайык мыйзамдын долбоору аймактарда талкуулана баштады. Кыргызстандын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы Ош шаарында аталган мыйзам долбоорун талкууга койду. Анда сунушталгандай мыйзамда диний коомдун өкулдөрүнө мурункудай тоскоолдуктар жок, жарандарга эркиндик көбүрөөк каралган.

Азыркы аракеттеги мыйзам 2008-жылы 31-декабрда кабыл алынган. Убакыттын өтүүсү менен 2014-жылы коргоо кеңешинде дин тутуу эркиндиги боюнча мыйзамга өзгөртүү сунушталган. Андан соң жумушчу топ түзулүп, 3 жыл ичинде өзгөртүүлөрдү иштеп чыгып долбоорун ЖКнын тиешелүү комитетине сунуш кылган. ЖКнын социалдык маселелер жана коопсуздук боюнча комитети долбоорду жактырган жана талаш учурларын кайрадан коомчулуктун талкуусуна жиберген. Оштогу талкууга казыяттын жана медреселердин өкүлдөрү келишти. Жалпы жонунан алар өзгөртүлүп жаткан долбоорго макул.

Автор Т-медиа 12136 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*