Лейлек: Жарылган май бекетте мыйзамсыз кампа болгон

Териштирүүнүн негизинде Лейлектин Бешкент айыл өкмөтүндөгү жарылган май куюучу бекетте мыйзамсыз кампа иштегени аныкталды. Мындай маалыматты «Т-Медиага» мамэкотех инспекциясынын Баткен, Лейлек райондор аралык башкармалыгынын башчысынын орун басары Канатбек Сейдалиев билдирди. Анын маалымдашынча, мыйзамсыз кампада товарлар аткезчилик жол мен жүгүртүлүп турган.

«Кырсыктын катталышын ошол кампа менен байланыштырып жатабыз. Себеби Кыргызстандын газ ташып жүргөн ишкерлери Тажикстандын унааларына станциянын кампасынан газ өткөрүп беришкен. Ошол учурда кампадан учкун чыгып, өрт май бекетке өткөн «,-деди Сейдалиев.

Экотех инспекциясынын өкүлү кошумчалагандай, мыйзамсыз кампа иштеткен май станциясынын жетекчилиги жоопкерчиликке тартылат. Азыр иликтөө иштери толук аягына чыга элек.

Эске салсак, Май бекеттеги жарылуу 4-июлда саат 20.30дар чамасында катталган. Катуу жарылуудан экинчи май бекети да жабыркады. Учурда келтирилген зыяндын көлөмү такталып жатат. 4 жүк ташуучу унаа, 2 газ ташуучу автоунаа, 2 жүргүнчү ташуучу микроавтобус жана 1 жеңил машине өрттөнгөн. Жарылуудан май бекеттин айланасындагы бак-дарактар куурап калган жана интернет чубалгылары да күйүп кеткен. Ошондой эле, жарылган цистернанын бөлүкчөлөрү 200 метр аралыкта жайгашкан айрым соода түйүндөрүнө да зыян келтирген.

Кырсыктан 5 адам жабыркап, ооруканага жеткирилген. Азыр төртөө үйлөрүнө чыгарылып, бирөө ооруканада жатат.

Автор Т-медиа 11931 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*