
Ош шаарынын мэрлигине Таалайбек Сарыбашев гана ат салышат. Аймактык шайлоо комиссиясына көпчүлүк коалициясынан сырткары талапкер сунушталган жок. Мындай маалыматты «Т-Медиага» БШКнын Оштогу өкүлү Расул Кадыров билдирди. Анын маалымдашынча, Ош шаарынын мэрлигине талапкерлерди каттоо 10-июлда 18:00до аяктады.
«АШКга жалгыз талапкер катталды. Шаардык кеңештеги фракциялардын бири да талапкер чыгарган жок. Премьер-министр да талапкер көрсөтпөдү»,-деди Кадыров.
Коалициялык көпчүлүк чыгарган Таалайбек Сарыбашев өкмөттүн Оштогу өкүлчүлүгүн жетектейт. Облус башчылыгына чейин ал Алай районунун акими болуп турган.
Ош шаарынын мэрин шайлоо 18-июлга белгиленген. Буга чейин шаардык кеңештеги «Кыргызстан» фракциясы талапкер чыгарарын кабарлаган. Фракция мүчөлөрү чогула албай, Мирлан Аматбековдун талапкерлиги калтырылган болчу.
Эскерте кетсек, Айтмамат Кадырбаев Ош мэрлигин 3-июлда тапшырган. Өкмөттүн буйругу менен ал Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттигинин төрага орун басары болуп дайындалган.
Оставьте первый комментарий