Сарыбашев тил сынагынан ийгиликтүү өттү

Ош мэрлигине талапкер Таалайбек Сарыбашев мамлекеттик тилден сынак тапшырды. Жыйынтыгын тил комиссиясы канаттандырып, мэр шайлоого катышуусуна уруксат берилди.

Мамлекеттик сынак үч бөлүк менен өттү. Талапкер платформасын кыргыз тилинде тааныштырып, жат жазууну мамлекеттик тилде жазды. Сынактын 3-шартында Ч.Айтматовдун «Делбирим» повестинен үзүндүнү көркөм окуду.

Жыйынтыгында талапкер мамлекеттик тилди толук билет деген корутунду чыкты. Тил комиссиясы сынакты өттү деп таанып, БШКга билдирүү жөнөттү.

Расмий тастыктоонун негизинде Таалайбек Сарыбашевди БШК шайлоого катышат деп чечим чыгарды. АШК шайлоо даярдыктарын жүргүзүүдө.

Шайлоо мыйзамына ылайык, мэрликке талапкер  мамлекеттик тилден сынак тапшырат. Тил комиссиясы  “билет” же “билбейт” деген баа берилет.

Ош шаарынын мэрин шайлоо 18-июлда өтөт. Мэрликке көпчүлүк коалиция чыгарган Таалайбек Сарыбашев жалгыз катышат.

Эске салсак, Ош мэрлигине талапкерлерди каттоо 10-июлда 18:00до аяктаган.

 

Автор Т-медиа 11888 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*