Таалайбек Сарыбашев тил сынагын тапшырат

Ош мэрлигине талапкерлиги коюлган Таалайбек Сарыбашев мамлекеттик тилден сынак тапшырат. Бул тууралуу «Т-Медиага» БШКнын Оштогу өкүлү Расул Кадыров кабарларды. Анын билдиришинче, сынак бүгүн 16:00до өтөт.

«Шайлоо мыйзамына ылайык, мэрликке талапкер сынак тапшырат. Сынак бүгүнкүгө белгиленди. Тил комиссиясы Таалай Сарыбашевди мамлекеттик тилди кандай билишин аныктап көрүшөт «,- дейт Расул Кадыров.

Ош шаарынын мэрин шайлоо 18-июлда өтөт. Мэрликке көпчүлүк коалиция чыгарган Таалайбек Сарыбашев жалгыз катышат.

Эске салсак, Ош мэрлигине талапкерлерди каттоо 10-июлда 18:00до аяктаган.

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*