Жапалак эли түтүнгө ууланууда (видео)

Ош шаарынын Жапалак аймагында жайгашкан таштанды талаасын  жергиликтүү эл убактылуу жабып кайра кое берди. Алар 10го жакын таштанды жүктөп барган унааларды полигонго киргизбей 2-3 саат кармап турду. Алардын мындай кадамга барганына талаадагы өрттөлгөн таштандылардан чыккан түтүн себеп болгон. Жапалак айылынын Арек айылынын тургуну Талант Кадыров таштандыдан чыккан түтүнгө бүт айылдыктар чыдай албай жатышат.

-Мурун пластиктен жасалган буюмдар чыккан эмес. Ошон үчүн тантанды полигон өрттөлүп уулуу түтүн чыкпай келген. Азыр желим баштыктар, памперс, пластиктен жасалган буюмдар таштанды болуп ыргытылып жатат. Алар өрттөлүп соңку жылдары айылды уулап бүттү. Биз “Ош-Тазалык” ишканасына, мэрияга кайрылбайбыз, биз түз президентке кайрылабыз. Маселени ал өзү чечип бербесе эч ким чечпей калды. Бүгүн да мэриядан, “Ош-Тазалык” ишканасынан эч ким келбей койду. Биз эмне малбызбы!?

Жаалданган калк менен “Ош-Тазалык” ишканасынын жетекчисинин орун басары Жылдызбек Көкөнов жана шаардык Кеңештин депутаттары А.Батыров. А.Осмонов, Т.Шабановдор жолугушту. Бир канча сүйлөшүүлөрдөн соң таштанды полигонуна өрт өчүрүчү унаа келди. Кире албай турган унаалар кое берилди. “Ош-Тазалык” мекемеси жергиликтүү элге 10 күн ичинде өрттөнгөн аймактарды өчүрүп, топурак менен көмүүгө убада берди. Эске салксак, жаңжал чыккан таштанды полигонунун аймагы 20 гектарга жакын.

Автор Т-медиа 11888 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*