
70 жаштагы Мамыт Таштанов Өзбекстандын 11 шаарын велосипед менен басып өттү. Жүрүшүн Кыргызстандын борбору Бишкектен баштап, Өзбекстандын борбору Ташкенттен жыйынтыктаган. Жалпы 2300 чакырымды аксакал 1 ай дегенде багынтты. Вело саякаты жөнүндө Мамыт Таштанов “Т-Медиада” баяндап берди.
- Веложүрүштүн 7 күнү Бишкек-Ош жолуна кетти. “Достук” чек ара бекетинен өтүп, Анжиян шаарына барды. Ал жерде түнөп, эртеси Кубага жөнөйт. Кийинки сапары Коконго уланып, ал жактан Гулистанга аттанган. Шаарга токтобой эле Навоиге сапарын улаптыр. Андан чыгып Жизахга жөнөйт. Жизахтан ары 4 айда түптөлгөн Манас шаарын көргөнү барат. Бир күн түнөп, Самаркандга кеткен. Тарыхый шаарды эки күн кыдырып, Бухарага чыгат. Бул жакта да эки күн туруп, акыркы бекети болгон Ташкентке 5 күн дегенде жеткен.
Ташкентке чейинки 30 күндүк жолго аксакалдын ден соолугу менен кошо 70 миң сомдук велосипеди туруштук бере алды. Өзүн кыйнап койбош үчүн күнүнө 100 чакырымдан жол жүргөн.
“Өзүм спортчумун. Ошого көп кыйналбадым. Дзюдочу экенимди билген Бухоро спорт комплексинин жетекчилиги машыктыруучулука чакырды. Мүмкүнчүлүк болбогон үчүн 1 күн болсо да машыктырдым”,-деди Таштанов.
Эгер күн катуу ысыбаганда аксакалдын веложүрүшү 2 айга созулмак. Ташкенттен ары Казакстанга өтүп, Кыргызстанга ал жактан келет эле. Ысыкка байланыштуу Ташкенттен түз автобус менен келген.
Мамыт Таштановду “Достук” саякатын өзбекстандыктар жакшы кабыл алды. Ар бир шаарда аны делегат катары күтүп алышкан. Тамак-ашынан сырткары, жатаканасына чейин өлкөнүн спорт комитети каржылаган. Болбосо 60 миң сомду 1 айга жеткире алмак эмес.
Азыр Мамыт Таштановго Казакстанга веложүрүш жасоо сунушу түштү. Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган саякатка каржылоо болсо чыгарын билдирген.
Мындан сырткары, быйылкыга пландаган ажылык сапарга келаткан жылы велосипед менен аттана турган болуп жатат.
Оставьте первый комментарий