Ош мэрин шайлоого депутаттар чакыртылды

Ош шаардык кеңешинин кезектеги XIV сессиясы 18-июлда өтөт. Жыйналыштын күн тартибине «Ош шаарынын мэрин шайлоо» маселеси киргизилген. Бул тууралуу «Т-Медиага» шаардык кеңештин маалымат катчысы Сүйөрбек Аманиллаев билдирди. 

«Ош шаарынын мэрин шайлап алганга депутаттар 9:00до жыйнашылат. XIV сессияны өткөрүү бекитилип, 6 фракциянын баары чакыртылды»,-деди Сүйөрбек Аманиллаев.

Ош шаарынын мэрин шайлоо 18-июлда өтөт. Мэрликке көпчүлүк коалиция чыгарган Таалайбек Сарыбашев жалгыз катышат. Эгер шаардык кеңештеги 45 депутаттын үчтөн экиси добуш берген болсо, шайлоо өттү деп эсептелет.

Ош шаардык кеңешинде КСДП, «Бир Бол», «Мекеним Кыргызстан», “Кыргызстан”, “Өнүгүү” жана “Республика — Ата Журт” фракциялары бар.  Коалициялык көпчүлүккө  “Кыргызстан”, “Өнүгүү” жана “Республика — Ата Журт” фракциялары кошулбайт.

Эске салсак, Айтмамат Кадырбаев Ош мэрлигин 3-июлда тапшырган. Өкмөттүн буйругу менен ал Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттигинин төрага орун басары болуп дайындалган.

Автор Т-медиа 12136 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*