
Ошто 250дөй бала туулгандыгы тууралуу күбөлүк ала элек. ЖААК 15-июндан бери ымыркайларды каттап гана жатат.
Күбөлүк ала албай Ош ЖААКга каттап жүргөндөр 200дөн ашат. Арасында дээрлик 1 айдан бери чуркап жүрөм дегендер да бар.
ЖААК кызматкерлери кырдаалды күбөлүк түгөнгөндүгү менен түшүндүрүшөт. Бланк качан келээрин так айта албай жатышат. Муну жарандар кайдыгерлик катары сыпаттоодо.
Күбөлүк ЗАГСта эле эмес, облус менен шаардык төрөт үйлөрүндө да жок. Ал жактагы адистер ата-энелерди ЖААК бөлүмдөрүнө жөнөтүп жатышат.
Бланк калган эмес дегенге ишенбегендер да болуп жатат. Мындан акча өндүрүү максаты көздөлүшү мүмкүн деп күмөн санашууда.
Коррупциялык айыптоону Ош ЖААКтын жетекчилиги четке какты. Муну бланктын Ош эле эмес, Кыргызстан боюнча жок болуп жаткандыгы менен түшүндүрүшөт.

Мамлекеттик каттоо кызматы ЗАГС жетекчилигинин айткандарын бышыктайт. Мекеменин басма сөз катчысы Мелис Эржигитов билдиргендей, Чүй, Таластан башка облустарда бланк запасы калган эмес.
«1 ай эмес, эки аптадан бери бланк болбогону чын. 15 күндөн бери алыскы аймактарга жөнөтө албадык. Күбөлүк жеткирген компания кызмат акыны жогорулатабыз дегенинен келишимди үзгөнбүз. Башка компания менен келишим түзгөнчө убактылуу үзгүлтүк болуп калды. Азыр эми маселе жөнгөрүлүп, күбөлүктөрдү бүгүн жөнөттүк», — деди Эржигитов.
Маалыматка ылайык, келаткан дүйшөмбү күнгө чейин бланктар Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарына жеткирилип бүтөт. Аз күндүн ичинде кошумча запас менен да камсыз болушат.
Эске салсак, 2014-жылы Кыргызстанда туулгандык тууралуу күбөлүк тартыш болгон. Мамлекеттик каттоо кызматы кырдаалды документ жеткирчү компанияга тендер жарыяланышы менен түшүндүргөн.
Оставьте первый комментарий