Ош: №1 троллейбус линиясы убактылуу токтоду

Ош шаарында №1 троллейбус линиясы 1-сентябрга чейин иштебейт. Бул убакыт аралыгында Разакков көчөсүндөгү эскирген газ куурлары жаңыланат. Алмаштыруу иштери аяктаганча ал линияга автобустар чыгып турат. Бул тууралуу «Т-Медиага» Ош мэриясынын чарба жана транспорт бөлүмүнүн башчысы Урали Романов билдирди. Айтымында, №2 троллейбус линиясында үзгүлтүк болбойт.

«Биринчи троллейбус линиясы 9-июлдан тарта токтоп турат. Каттам иштеп турса оңдоп-түзөөгө тоскоол болуп жатат. Эскирген газ куурларын алмаштырбасак да болбойт. Азыр жүргүнчүлөр салыштырмалуу аз экендигин эске алып, троллейбусттарды токтото турдук. Ордуна чыкканга автобусттар жетиштүү. Көрсөтүлгөн интервал мурдагыдай эле сакталат», — деди Урали Романов.

Маалымка ылайык, Ош мэриясы «ГазпромКыргызстан» ишканасына 20-августка чейин убакыт берген. «Ош ТЕЦтен» Ош районуна чейинки аралыктагы куурларды жаңылоо узагы менен сентябрга барып калат.

№1 троллейбус Манас-Ата аймактык кеңешинен Студенттер шаарчасына Масалиев көчөсү аркылуу барат. Быйыл жазында экинчи линия кайра ишке кирген.  Ал Студенттер шаарчасынан жаңы автобекетке Ленин көчөсү аркылуу  жүрөт.

Эске салсак, былтыр да троллейбус айдоочулары иш таштап, ордуна автобусттар 1 күн каттаган эле.  Ош шаарында 35 троллейбус иштейт.  Жол акы 6 сом.

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*