Ажылык сапарга баруучулар 25-июлдан баштап учат

Кыргызстандан ажылык сапарга бара тургандар 25-июлдан тартып учуп башташат. Бул тууралуу муфтияттан Т-медига кабарлады.

Биринчи рейс Сауд Арабиясына Бишкек-Медина багыты боюнча, ал эми акыркы рейс 7-августта Ош-Жидда багытында учат.

Манас аэропортунан 6 рейс, Оштон 12 рейсте кезек кезек менен учушат. Ар бир рейсте 300 сапар кылуучу учат.

Ар бир ажыга баруучу жаран учуу графигинде көрсөтүлгөн мөөнөттөн 5 саат мурда аэропортко барып, каттоого даярдануусун эскертет.

Бул жылы Кыргызстанга Сауд Аравиясы жыладгыдан 900 квотага көп берген. Ажылык сапарга баруу үчүн 5485 адам катталган. Аларды 109 ажы башчы жетекетеп барат.

Т-медиа
Автор Т-медиа 3477 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо