
Ош шаарында балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн алууда кыйынчылык жок. Жарандар жаңы төрөлгөн ымыркайларына документти кайрылары менен эле алып кетүүдө.
Муну «Т-Медиага» Ош шаардык жарандык абалдын актыларын каттоо жана жарандарды жекелештирип эсепке алуу бөлүмүнүн башчысы Аида Сыдыкова билдирди. Ал белгилегендей, Ош ЖААКда балдардын күбөлүгү жетиштүү. Бланк тартыш болуп жатат деген маалымат чындыкка коошпойт.
«Бланк маселеси 16-июлда чечилген. Дүйшөмбүдөн бери балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн берүүдө көйгөй жок. Апта башында 200 бланк келсе, 19-июлда дагы 40 даана жиберилген. Бүгүн да 200 бланктын келиши күтүлүп жатат. Ошондо бизде запасы менен жетиштүү деп айта алам»,-деди Аида Сыдыкова.
Маалыматка ылайык, балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүк Оштогу эки төрөт үйүндө да жетиштүү. 16-июлда облустук жана шаардык төрөт үйлөрүнө 50 даанадан жиберилген.
Буга чейин Ош шаардык ЖААКда бланк түгөнүп, ымыркайлар катталып гана жаткан. Үч аптача созулган үзгүлтүк учурунда 243 бала күбөлүк албай турган. Учурда алардын баарына документ берилип бүттү.
Бланк Ошто эле эмес, республика боюнча тартыш болгон. Жагдайды мамлекеттик каттоо кызматы документ ташыган компания менен келишим үзүлгөндүгү менен түшүндүргөн. Азыр жаңы компания менен келишим түзүлүп, күбөлүк жеткирүү көйгөйү чечилген.
Эске салсак, 2014-жылы Кыргызстанда туулгандык тууралуу күбөлүк тартыш болгон. Мамлекеттик каттоо кызматы кырдаалды документ жеткирчү компанияга тендер жарыяланышы менен түшүндүргөн.
Оставьте первый комментарий