
Ош шаарынын мэри болуп шайланган Таалайбек Сарыбашев эртеңден кызматына киришет. Тиешелүү күбөлүктү аймактык шайлоо комиссиясы 24-июлда тапшырат.
Бул тууралуу «Т-Медиага» БШКнын Оштогу өкүлү Расул Кадыров билдирди. Ал белгилегендей, боршайком 18-июлда өткөн мэр шайлоонун жыйынтыгы тууралуу протоколдорду бүгүн бекитти.
«Ош шаарына Таалайбек Сарыбашев мэр болуп расмий бекитилди. Токтомду БШК бүгүн кабыл алды. Күбөлүктү эртең Ош мэриясынын өкүлдөрү жана шаардык кеңештин катышуусунда тапшырабыз. Андан кийин Сарыбашев кызмат ордуна отуруп, мэрликке киришет», — деди Кадыров.
БШКнын өкүлү кошумчалагандай, Таалайбек Сарыбашев облус башчылыгынан эртең бошойт. Ал мэрликке талапкерлиги катталган бери эле өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүн жетектеп турат.
Таалайбек Сарыбашев 18-июлда Ош шаарынын мэри болуп шайланган. Шайлоого атаандашсыз катышкан талапкер 44 депутаттын “макул” деген добушун алган. Анын талапкерлигин Ош шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалиция сунуш кылган.
Ош шаарынын мурдагы мэри Айтмамат Кадырбаев 3-июлда кызматын тапшырган. Өкмөттүн буйругу менен ал Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттигинин төрага орун басары болуп дайындалган.
Оставьте первый комментарий