Жаңы мыйзам: 100 сом төлөбөгөндөрдүн уюлдук телефону иштебейт

Мындан ары Кыргызстанда уюлдук телефондор каттоого коюлат. Мыйзам ишке кирген соң 30 күндүн ичинде каттоого коюлбаган аппарат иштебей калат. Каттоо акысы 100 сом болот.

Уюлдук аппараттарды каттоо жөнүндөгү мыйзамды  Жогорку Кеңеш былтыр кабыл алган. Азыр анын негизинде жобосу иштелип, коомдук талкууга чыкты. Алымча-кошумчадан кийин өкмөткө сунушталып, 2019-жылдан телефондор каттоого коюла баштайт.

Кыргыз өкмөтү жаңы мыйзам аркылуу аткезчилик жол менен кирип жаткан мобилдик байланыш каражаттарына бөгөт коюуну пландоодо. Буга кошо телефон уурулукту жок кылуу максаты көздөлгөн.

Мыйзам ишке кирсе телефон, смартфон, планшет дегеле сим-карта салынып иштетиле турган байланыш каражаттардын баары каттоого коюлат. Аппаратка атайын IMEI-код коюлуп, ээсинин паспорту аркылуу катталат.

Каттоо уюлдук байланыш компанияларынын кеңселеринде же болбосо сайттан онлайн түрүндө жүрөт. Акысын телефон ташыгандар төлөөгө милдеттендирилет. Жарандар болсо аппаратты чет өлкөдөн көтөрүп келсе гана 100 сомду төлөйт.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрага орун басары Эшмамбет Аматов билдиргендей, мыйзам дароо эле иштеп баштабайт. Контрабандалык жол менен кирген  аппараттар эске алынып, баштапкы бир жыл ичинде катталбаган телефондор өчүрүлбөйт.

Эгер каттоого коюлган телефон жоголуп кетсе жарандар сайтка кирип тиешелүү операцияларды аткаруу менен ошол кодду өчүрүп койсо, аппарат иштебей калат. Телефон чет өлкөдөн сатып алынса деле ушундай эле жол менен сайт аркылуу жарандар өздөрү каттоого коё алышат.

Каттоодон өтпөй калган аппаратты сатуу кыйынга турат. Мыйзам ишке кирген соң смартфон сатып алууну каалаган кардар IMEI-кодун сурап, андан соң гана алышы керек.

Мыйзам ишке кирсе смартфондун IMEI-кодун башка аппаратка көчүргөндөр чыгышы мүмкүн. Булар эске алынып,  клон телефондорду тактоо жана өчүрүү системалары киргизилген.

Ушул тапта өлкө аймагында 7 миллиондон ашуун телефон колдонулат. Бул айрым адамдар эки-үчтөн аппарат көтөрүп жүргөнүнөн кабар берет.

Т-медиа
Автор Т-медиа 3494 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо