Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү ким болду?
Таалайбек Сарыбашев Ош шаарынын мэри болуп шайланганга чейин Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүн жетектеп турган. Сарыбашев кызмат ордун алмаштыргандан соң анын ордуна ким келери баарына кызык болуп турган?
Бүгүн көпчүлүктү кызыктырган бош орунга жаңы жетекчи дайындалды
Ош облусунун башчысы болуп 44 жаштагы Узарбек Жылкыбаев
дайындалды
дайындалды
"Т-Медиага" маалым болгондой, жамаатка жаңы жетекчини бүгүн тааныштыруу пландалууда. Жылкыбаев буга чейин өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүн жетектеп келген.
Анда Ысык-Көлдүк мырза Узарбек Жылкыбаев тууралуу баяндап беребиз
Ал 1974-жылы 17-февралда
Ысык-Көл районунун
Ананьево айылында
төрөлгөн
Ысык-Көл районунун
Ананьево айылында
төрөлгөн
Билими
1999-жылы Казак мамлекеттик университетинен эл аралык мамилелер багыты боюнча факультетин аяктаган. 2014-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын бүтүргөн.
Көпчүлүк мамлекеттик кызматкерлер сыяктуу эле Узарбек Жылкыбаев да эмгек чыйырын Бостери айыл өкмөтүнүн жаштар комитетинин төрагалыгынан баштаган.
(1999-2001)
(1999-2001)
БИРОК 2001-ЖЫЛЫ АЛ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮН ТАКЫР БАШКА ТАРМАККА ӨЗГӨРТКӨН
2001-2002 —ЖЫЛДАРЫ "Бишкек" арак заводунун продукцияларын сатуучу болуп иштеген
Дагы бир кызык, Жылкыбаев "БИШКЕК" арак заводунда иштегенден кийин эле Бишкек мэриясынын 1-категориядагы адиси болуп барат.
(2002-жылы)
(2002-жылы)
2004-2008 — БОСТЕРИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ДЕПУТАТЫ
Ошентип Узарбек Жылкыбаев 2002-жылдан тартып жалаң гана мамлекеттик кызматтарды жетектеп баштаган.
Жетектеген кызматтарынын айрымдарын тизмектейбиз:
1
2005 — жыл
"Инвест-Радуга" жоопкерчилиги чектелген коомунун менеджери
2
2005-2008-жылдары
КР президентинин Иш башкармалыгынын "Ысык-Көл — Аврора" санаторийинин маркетинг бөлүмүнүн башчысы
3
2007-жыл
Ысык-Көл облусунун жаштарынын коомдук бирикмесинин төрагасы
Ошентип, Узарбек Жылкыбаев 2008-жылы кайрадан депутаттыкка кайтат.
Бирок бул ирэт айылдык эмес, райондук кеңештин депутаты болуп келет. Ал 2008-2012-жылга чейин Ысык-Көл райондук кеңешинин депутаты, бюджет жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы болуп иштеген.
“
Жеке жашоосу тууралуу бизде азырынча бир гана маалымат бар.
-Үйлөнгөн
-Үч баланын атасы
-Үйлөнгөн
-Үч баланын атасы
Facebook Социалдык тармагынын активдүү колдонуучусу
Башка мамлекеттик кызматкерлерден айырмаланып Ош облусунун жаңы жетекчиси социалдык баракчаларды активдүү колдонуп, ал жакка байма-бай кызыктуу сүрөттөрдү жүктөп турат.
Баса, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү футбол сүйүүчүлөрүнүн катарын толуктаарын төмөнкү сүрөт тастыктап турат
"Т-Медиа" GROUP
Өкмөттүн Ош облусундагы жаңы дайындалган ыйгарым укуктуу өкүлүнө ийгиликтерди каалайт!
24-июль | Шейшемби
2018-жыл
2018-жыл
20.00
Ош, "Т-Медиа" GROUP
"Т-Медианын" Facebook социалдык баракчасына кошулуп, акыркы маалыматтар менен таанышып туруңуздар.
Даярдаган: