
Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү болуп дайындалган Узарбек Жылкыбаев бүгүн кызматына киришти. Жаңы жетекчини жамаатка вице-премьер-министр Замирбек Аскаров кезексиз жыйын өткөрүп тааныштырды.
Өз сөзүндө Узарбек Жылкыбаев Ош облусун өнүктүрүүгө жана аймактагы көйгөйлөрдү чечүүгө аракет жасаарын айтты.
Узарбек Жылкыбаев кечээ, 24-июлда өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү болуп дайындалган. Ага чейин өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү кызматын жетектеп келе жаткан.
Өкмөттүн Ош облусундагы мурдагы өкүлү Таалайбек Сарыбашев 18-июлда Ош шаарына мэр болуп шайланган. Облус башчылыгынан 24-июлда мэрликке расмий киришкенде бошогон.
Пикир калтыруу