Ош шаардык сотуна ишенбөөчүлүк көрсөтүлдү (видео)

Эки жаранга берилип кеткен жер тилке боюнча сот өкүмү чыкты.  Чечимге ылайык, талаштагы жер Кудайберди Дүйшөевге таандык деп табылып, Базарбек Саидов жашап жаткан үйүн бошотушу керек. Чыккан өкүмгө экинчи тарап макул болбой Ош шаардык сотуна ишенбөөчүлүк билдирүүдө.

Чечимге ынанбаган тарап азыр соттордон эмес, өлкө жетекчилеринен акыйкат  күтүп жатат. Муну алар маалымат жыйында билдирип, өкмөт башчы менен президентке кайрылуу жасашты.

Нааразы тараптын билдиришинче, сөз болуп жаткан жер тилке Кудайберди Дүйшөевге мыйзамсыз кайтарылып жатат. Анткени ал 1991-жылы алган жерине убагында үй салбай мамлекетке өткөрүп жиберген.  Кызыл китебин жер Саидовго берилип кеткенден кийин жасаткан. Ошого карабай сот биздин документти жараксыз тапты деп нааразы болушат.

Жогорудагы даттанууларды Ош шаардык соту негизсиз деп эсептейт. Мекеменин басма сөз катчысы Бекзат Осмонкулов жер мурдагы ээсине кандайча кайтарылганын төмөндөгүдөй түшүндүрөт.

Осмонкулов кошумчалагандай, быйыл Базарбек Саидов ишти кайрадан кароо боюнча арыз таштаган. Ош шаардык соту арыздагы фактыларды жаңы жагдай эмес деп таап, кайра кароого негиз жок деп ишти жапкан.

Достук кичи районунун 79-көчөсүндөгү 39 үйдүн жайгашкан жери он жылдан бери талашта.  Иш 2007-жылы сотко ашып, ошондон бери каралып келүүдө.

Автор Т-медиа 12221 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*