Ошто автоунаа сууга оодарылып кетти (фото)

Ош шаарында Nissan x trail үлгүсүндөгү автоунаа каналга оодарылып кетти. Кырсык 25-июлда 16:00 чамасында Моминова көчөсүндө катталган.

Автоунааны аял киши башкарып келаткан. Ал Ош шаардык прокуратурасынын жанындагы каналга бурулуп жатып оодарыла кетти.

Автоунаанын ичиндеги аялды окуяга күбө болгондор куткарып алышты. Бактыга жараша ал оор жараат алган эмес.

Оодарыла кеткен машинаны эвакуатор чакыртып, жарым сааттын тегерегинде чыгарып алышты. Окуя күбөлөрүнүн айтымында,  автоунаага олуттуу зыян келтирилген эмес.

Кошумчалай кетсек, окуя катталган канал тосмолонгон эмес. Ош шаардык ЖККК бөлүмүнөн билдиришкендей, буга чейин ал жерде автоунаа оодарылган учур катталбаган.

 

 

Автор Т-медиа 12221 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*