
Алай туризмге ылайыкташкан район. Аймакта туристтик сезон июнда башталган. Сезондо жергиликтүүлөр туристтерге кызмат көрсөтүп акча табышат. Жайлоолордо боз үй тигип, чет өлкөлүктөрдү түнөтүшөт. Айдоочулар болсо, туристтерди дарегине жеткирип пайда көрөт. Айтор, туризмден түшкөн киреше жакшы. Ошол себептүү алайлыктар акыркы жылдары туристтерди тартуу аракеттерин көрүүдө. Ал багытта быйыл да туристтик фестиваль уюштурулган.
Оставьте первый комментарий