Ош: бала бакчалар «электрондук кезек» системага өтөт (инфографика)

Быйыл сентябрда Ош шаарындагы бала бакчалар «электрондук кезек» системасына туташтырылат. Жаңычылдык кезекке турууну жөнөкөйлөштүрүү менен коррупцияны жоюу максатын көздөйт.

«Электрондук кезек» системасына Ош шаары Бишкектен кийин эле өтүп жатат. Ишке ашырууга кетчү каржыны билим берүү министрлиги бөлүп берет.

Электрондук система онлайн түрүндө жүргүзүлөт. Ата-энелер үйлөрүнөн эле каалаган бакчасын тандап, кезекке тура алат.

Жаңы система төмөнкү баскычтардан турат:

Жараян бала бакчаны тандоо менен жыйынтыкталат. Тиешелүү маалыматтар тандалган бакчанын базасына келип түшөт. Кезеги келгендер боюнча эскертүүнү система үч күн мурун берет. Эгер ошол убакыт аралыгында тиешелүү документ тапшырылбаса, ал жаран кезегин өткөрүп жиберет.

Системада баш тартуу функциялары да киргизилген. Бул боюнча Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын инженер программисти Нурсултан Касымбаев төмөндөгүдөй түшүндүрөт.

«Эгер ата-эне кезеги келгенче күтпөй баласын жеке бакчага бере турган болсо баш тартуу деген баскычты басып коёт. Ошондо ал базадан автоматтык түрдө өчүрүлүп, кезеги андан кийинки балага өткөрүлөт «,-деди Нурсултан Касымбаев.

Жаңы системага Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караган 40 бала бакчанын баары туташтырылат. Электрондук кезек жолго коюлгандан кийин базага кирбеген балдарды кабыл алууга тыюу салынат. Аткарылышын билим берүү министрлиги көзөмөлдөп турат.

Бүгүнкү күндө Ош шаарында бакча жашындагы 1690 бала кезекте турат.  Буга чейин бала бакчалар коррупциялашып кеткендигин ата-энелер бир нече ирет билдиришкен.  Алар баланы бакчага киргизүүгө  200 долларга чейин талап кылынаарын айтышкан эле.

Автор Т-медиа 12136 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*