Оштогу мектептерге «смс күндөлүк» системасы киргизилет

????????????????????????????????????

Жаңы окуу жылында Ош шаарындагы 10 мектепте окуучулардын сабакка келип кеткендигин ата-энесине билдирип турган система ишке кирет. «Смс күндөлүк» деп аталган система баланын мектепке кирген жана чыкканын маалымдап турат.

Азырынча «смс күндөлүк» системасы кайсыл мектептерге туташтырылаары чечиле элек. Кирүү-чыгууну аныктаган техникалык жабдуулар билим берүү министрлиги тарабынан сатып алынат. Окуучуларды чип менен камсыздоо ата-энелердин өздөрүнө жүктөлөт. Бул тууралуу «Т-Медиага» Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын инженер программисти Нурсултан Касымбаев билдирди.

«Чип 350 сомдон сатылат. Ал бир жылга жарайт. Ар бир окуучу мектепке келип кеткен сайын чипти техникага тийгизүүгө милдеттендирилет. Анткени система мектептерге ыктыярдуу эмес, милдетүү киргизилет. Системанын жардамында ата-энелер  балдарын сабакка келип кетүүсүн тескеп турат. Билдирүү уюлдук телефонуна смс түрүндө барат»- деди Нурсултан Касымбаев.

«Смс күндөлүк» системасы  Ош шаарында биринчи жолу ишке ашып жаткан жок. Былтыр беш мектепке пилоттук түрдө киргизилген.  Система Алиев, Мамытов, Олимп, Атабаев жана «Кыргызстандын 40 жылдыгы» мектептеринде ишке ашты. Алдыда 55 мектептин баарын жаңы системага өткөрүү планы бар.

Т-медиа
Автор Т-медиа 3454 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо