
Ош шаарында 30-июлда сүзүү боюнча мелдеш өтөт. Иш чара бүткүл дүйнөлүк адам сатууга каршы күрөшүү күнүнө карата уюштурулат.
Мелдешке Ош шаарында жайгашкан бардык каалоочу мекеме-ишканалардын, күч курамдардын, билим берүү, медицина жана коомдук уюмдардын кызматкерлери, жогорку жана орто окуу жайларынын студенттери жана шаар тургундары катыша алат.
Мелдеш эркектер жана аялдар арасында жаш курагына жараша төмөнкү 3 тайпага бөлүнүп өткөрүлөт:
1-тайпа- 25 жашка чейин
2-тайпа- 35 жашка чейин
3-тайпа- 40 жашка чейин.
Жеңүүчүлөргө баалуу белектер жана дипломдор берилет. Иш-чара 30-июль күнү саат 14:00дө “Дельфин” бассейнинде өтөт. Катышууну каалагандардын табыштамалары 29- июлга чейин Ош шаардык дене-тарбия жана спорт комитетинде кабыл алынат.
Оставьте первый комментарий