Оштун мэри Таалайбек Сарыбашов шаардагы Өзбекстандын каржылоосу менен курулуп жаткан №18- мектебине кошумча 630 орундуу окуу имаратынын курулушун менен таанышты. Бул тууралуу “Т-Медиага” Ош шаардык мэриясынын маалымат катчысы Азамат Абсаттаров билдирди.
Анын билдирүүсүндө, курулуп жаткан үч кабаттуу мектептин дубалы тургузулуп үстү жабылган. Окуу корпусундагы, спорт зал, ашкана жана жыйындар залын актап сырдоо иштери жасалууда. Мектептин айланасын жашылдандыруу иштери жүрүп жатат
Мектептин курулушуна керектүү курулуш материалдары, керектүү жабдыктар Өзбекстандан алынып келүүдө
Аталган мектеп 1936-жылы курулуп, Эскилиги жетип, пайдаланууга жараксыз абалга келген. Учурда курулушта 150 жумушчу, 10го жакын техника иштеп жатат. Метепти жаңы окуу жылына пайдаланууга берүү пландалган.
Оставьте первый комментарий