
30-июль адам сатууга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү. Бул күнгө карата ISEDA коомдук фонду, Ош шаарынын жаштар иштери боюнча комитети жана Ош облустук милициясы жөө жүрүш уюштурду. Ага жарандык активисттер, шаар тургундары биригип 50дөй адам катышты.
Катышуучулар “Адам сатууга жол жок”, “Ош шаарынын жаштары адам сатууга каршы” сыяктуу ураандар менен калаанын Ленин көчөсүнөн Алымбек Датка эс алуу багына чейинки аралыкты жөө басып өтүштү.
Иш-чаранын жүрүшүндө адам сатуунун курмандыгына айланбоо, мыйзамдуу түрдө жумушка орношуу тууралуу маалыматтар айтылды. Ошондой эле, Алымбек Датка эс алуу багында “Мигранттардын үй-бүлөсүнүн бир күнү” аттуу сүрөт көргөзмөсү өткөрүлдү.
Оставьте первый комментарий