
Президент Сооронбай Жээнбеков кыска мөөнөттүү бир жумалык эмгек өргүүсүн алды. Эмгек өргүүсү 30-июлдан 7-августка чейин уланат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлады
Маалыматка караганда мамлекет башчысы эс алуусун Ысык-Көлдө өткөрөт. Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматка киришкенден бери биринчи жолу эмгек өргүүгө чыкты.
Жээнбеков президенттик кызматына 2017-жылдын 24-ноябрында киришкен. Ал 2017-жылы 15-октябрда өткөн президенттик шайлоодо шайлоочулардын 54,22% добушуна ээ болуп, Кыргызстандын президенти болуп шайланган.
Оставьте первый комментарий