Жергиликтүү кеңеш депутаттары төш белги алышат

Мындан ары жергиликтүү кеңеш депутаттарына төш белги берилет. Президент Сооронбай Жээнбеков “Жергиликтүү кеңештердин депутаттары жөнүндө” мыйзамга киргизилген өзгөртүүгө кол койду. Президенттик аппараттын маалымат бөлүмү кабарлагандай, мыйзам расмий жарыялангандан он күндөн кийин күчүнө кирет.

Мыйзамда жергиликтүү кеңештин депутаттарынын күбөлүгү жана төш белгисин камсыздоо Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына тапшырылсын деп жазылган.

Мыйзамдагы карама-каршылыктардан улам 2016-жылдан бери жергиликтүү кеңештердин эл өкүлдөрүнө төш белги берилбей калган. Ошондон улам парламент 2018-жылдын 28-июнунда мыйзамга өзгөртүү киргизип, аны кабыл алган. Кыргызстанда жергиликтүү кеңеште сегиз миңге жакын депутат бар.

Автор Т-медиа 11931 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*