
Аламүдүндөгү Скрябин мөңгүсүндө калган туристтерди куткарууга Казакстандан тик учак жөнөтүлдү. Алматы шаарынан Казакстан ИИМнин өзгөчө кырдаалдар комитетинин тик учагы бүгүн 06:58де Бишкекти көздөй учуп чыккан. Бул тууралуу КРнын ӨКМи кабарлады.
30-июлда Аламүдүн районундагы бийиктиги деңиз деңгээлинен 4100 метр жогору болгон №9 Скрябин мөңгүсүнө 7 турист чыгып бара жаткан учурда таштар кулап, кырсыктан 1 адам каза болгон. Калгандары жабыркап, ошол жерде калышкан. Алардын үчөө Казакстандын, төртөө Орусиянын жарандары. Каза болгон адам Казакстандын жараны болгон.
Жабыркагандарды эвакуациялоо үчүн Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдар министрлиги кечээ, 30-июлда Казакстандын ИИМ жетекчилигине кат жолдогон. Анын негизинде эки өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар министрликтери туристтерди куткарып алуу аракетин көрүүдө.
Пикир калтыруу