
Өзбекстандык 35 жаштагы жарым коргоочу Сервер Жепаров талдыкоргондук «Жетысу» командасы менен иштешүү боюнча кол койду. Бул тууралуу казак ММКлары билдирүүдө.
Сервер Жепаров Өзбекстандын тогуз жолку чемпиону болуп эсептелет.
Ал эки жолу – 2008-жылы жана 2010-жылы Өзбекстанда жылдын мыкты футболчусу наамын алган. 2008, 2011-жылдары Азия футболчусу болгон. Өз карьерасында ал Бириккен Араб Эмираты, Сауд Арабиясы жана Түштүк Корея командаларында ойноого жетишкен.
Жепаров Өзбекстандын курама командасында 126 жолу беттешке катышып, рекорд койгон, 26 жолу топ киргизген. Акыркы жылдары Иран чемпионатында «Эстеглал» жана «Сепахан» үчүн ойногон.
Оставьте первый комментарий