
Өзгөн районунда 2014-жылы туулган бала сууга чөгүп кетти. Кырсык 30-июлда Көлдүк айылынын Абдырайым-Бий көчөсүндөгү каналда катталган. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министирлиги кабарлады.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, 4 жашар бала каналга 21:47 чамасында түшүп кеткен. Издөө иштерине ӨКМнин куткаруучулары тартылып, баланын жансыз денесин 22:50дө таап чыгышкан. Сөөгү туугандарына өткөрүлүп берилди.
Жыл башынан бери Кыргызстанда сууга агып жана чөгүп 60 адам каза болгон. 35 факты чөмүлүү сезону башталгандан бери катталган. Анын ичинен тогузу өспүрүм, үчөө аял киши.
2017-жылы жалпы 144 адам сууга агып кетип каза болгон. Быйыл ӨКМ 168 суучул куткаруучуну даярдаган.
Оставьте первый комментарий