Бишкекте сот имаратында жоокер өзүн атып алды

Бишкек шаарындагы Ленин райондук сотунун имаратындагы дааратканада конвой өзүн атып алды. Бул маалыматты Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) басма сөз борбору “Т-Медиага” кабарлады.

Окуя кечээ саат 15:43төр чамасында болгон. Маалыматка ылайык, 18 жаштагы Ж.Э. аттуу жоокер табелдик курал менен өзүн башка аткан. Катардагы жоокер алган жараатынан улам «Тез жардам» келгенге чейин каза болгон. Окуя болгон жерде Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам-тергөө тобу жана Аскер прокуратурасынын кызматкерлери иштеп жатышат.

Жоокер сотко кимди коштоп барганы жана кайсы иш боюнча соттук процесс жүрүп жатканы азырынча белгисиз.

Т-медиа
Автор Т-медиа 3477 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо