ЕRЕМ АФКнын тайпалык баскычынан чыкты

Кыргызстандын ЕRЕМ командасы футзал боюнча клубдар аралык  Азия чемпионатынын тайпалык баскычынан чыкты. 

Чемпионатта ЕRЕМ командасы Тайланд, Катар  жана Австралиянын чемпиондору менен кез келди. Тайпалык оюндарда ЕRЕМ клубу бир ганаТайланддык «Чонбури Блувейв» клубуна — 1:5 эсебинде утулган. Калган 2 команданы жеңип, кийинки баскычка экинчи орун менен чыкты. Мелдештин алгачкы этабында Орто Азиядан бир гана ЕRЕМ клубу кийинки баскычка өтө алды.

1- тур, 2 августа (бейшемби):

«Чонбури Блувейв» (Таиланд) — «Вик Вайперс» (Австралия) — 9:2

«Аль Салийя» (Катар) — EREM (Кыргызстан) — 1:4

2- тур, 4 августа (ишемби):

EREM — «Чонбури Блувейв» — 1:5

«Вик Вайперс» — «Аль Салийя» — 2:4

3-тур, 6 августа (дүйшөмбү):

«Чонбури Блувейв» — «Аль Салийя» — 7:2

EREM — «Вик Вайперс» — 4:2

Эске салсак, футзал боюнча клубдар аралык Азия чемпионаты Индонезияда өтүүдө. Мелдешке жалпы 16 команда катышып жатат.

Т-медиа
Автор Т-медиа 3490 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо