Ошто 8 саат свет өчөт

Бүгүн, 7-августта Ош шаарынын айрым аймактарында 8 саатка свет өчөт. Таңкы 09:00дон кечки 17:00го чейин үзгүлтүк болоорун Ош мэриясынын коомчулук менен байланыш кызматы кабарлады.

8 сааттык өчүрүү 2018-2019-жылдардагы күз-кыш мезгилине энергетика объектилерин даярдоо иштерине байланыштуу болуп жатат. Электр энергиясын берүү эртең убактылуу төмөнкү даректерде токтотулат.

№4 “Ак-Тилек” аймактык кеңешине караштуу Ак-Тилек кичи шаарчасынын №1-14 жана 19, 21, 23, 25, 26, 28, 34, Учар айылында, Мамыров көчөсүндө;

№5 “Керме-Тоо” аймактык кеңешине караштуу МЖК-2, Кукумбий №74, 92,96, 98, 100 үйлөрүндө.

Эске салсак, электр тармагындагы күз-кыш мезгилине даярдык октябрь айына чейин жүргүзүлөт. Акыркы жылдары Кыргызстан кышкы сезонду электр энергиясынын таңсыктыгысыз өткөрүп жатат.

Т-медиа
Автор Т-медиа 3499 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо