Орусиядагы «кыргыз айылынын» эртеңи кабатырга салды (видео)

Орусиянын Тула облусундагы «Ала-Тоо» айылынын тагдыры күзгө чейин чечилет. Статусу талаш жаратып жаткан «кыргыз айылы» боюнча кайрылууга Орусиянын президенттик аппараты 7-сентябрга чейин жооп берет.

Кыргызстандыктар «Ала-Тоо» деп атаган айылдын жайгашкан жери боюнча КРнын Орусиядагы элчилиги, Орусиянын тышкы иштер министрлиги жана РФ президенти Владимир Путинге чейин билдирүү жөнөтүлгөн. Азыр жер тилкеге ээлик кылган 500дөй кыргызстандык айылдын эртеңинен кабатыр болуп турат.

Иштелип жаткан жаңы башкы планы боюнча кыргызстандыктарга жер саткан риэлтор компаниялары да чочулап турушат. Эгер жердин категориясы турак-жай эмес, айыл-чарба  багытында бекитиле турган болсо, жер ээлери менен түшүнбөстүк жаралат. Муну «Т-Медиага» Орусиядагы «Сотый километр» кыймылсыз мүлк агенттигинин директору Андрей Брюнок билдирди.

Риэлтордук компаниялардын өкүлдөрү «Ала-Тоо» айылындагы маселеге кыргыз бийлигин да көмөктөшүүгө чакырат. Өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөр жүрсө маселе оң тарабына чечилет деп үмүт артышат.

2016-жылдан тарта Туладагы Заокский районуна караштуу Заокский районундагы Клищино айылында кыргызстандык мигранттар 478 жер үлүшүн жеке менчикке сатып алган. Быйыл 29-июнда Заокский районунун депутаттар кеңеши 2016-жылы турак жай курууга берилген жердин статусун жокко чыгарып, жерди айыл чарбалык керектөөгө аныктаган.

Буга чейин Орусиянын айрым маалымат каражаттарында «Тулада кыргыз анклавы курулуп жатат» деген макалалар чыккан чыккан. Турак жай курууга берилген жердин статусун жокко чыгаруу ошондон кийинки чара катары сыпатталып жатат.

Кошумчалай кетсек, учурда Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги  Туладагы «Ала-Тоо» айылынын жашоочуларынын маселесин көзөмөлгө алган.

 

Т-медиа
Автор Т-медиа 3454 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо