
Коррупциялык иштер үчүн ачылган атайын эсепке экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы 143 миллион сом которду. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Бүгүн, 7-августта атайын эсепке каржы полициясы 80 миллион 14 миң сом которгон. Буга чейин аталган кызмат 63,3 миллион сом түшүргөн эле. Ошондо мекеме эсепке жалпысынан 143 миллион 377 миң сом түшүрдү.
Топтолгон каражат өкмөттүн чечими менен гана бөлүштүрүлөт. Жаңычылдык эсепке алуу жана каражатты бөлүштүрүүнүн натыйжалуулугун арттырат.
Бүгүнкү күндө коррупциялык иштер үчүн ачылган атайын эсепке 300 млн сомдон ашык акча түшкөн. Атайын эсеп ачуу боюнча буйрукка президент 16-майда кол койгон болчу.
Оставьте первый комментарий