Баткенде автоунаа менен трактор кагышты. Кырсыктан эки адам каза тапты

Ош-Баткен-Исфана автоунаа жолунда Toyota Estima менен трактор кагышып, эки киши каза тапты. Автокырсык 6-августта 22:00 чамасында Кадамжай районунда катталган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, Toyota Estimaда жалпы алты адам болгон. Жүргүнчүлөрдөн экөө жеринде каза тапты. Калган төртөө түрдүү жараат алышкан. ӨКМнин куткаруучулары каза болгондор менен кошо жабыркагандарды тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Быйыл Кыргызстандын аймагында 1600дөй жол кырсыгы катталган. Автоавариялардан 170 адам каза болсо, анын 20сы балдар болгон.

Т-медиа
Автор Т-медиа 3499 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо