
Билим берүү жана илим министрлиги базистик окуу планын бекитти. Жаңы программа 2018-2019-окуу жылынан тарта иштеп баштайт.
Жаңы предметтик стандарт боюнча мектептердин баары беш күндүк окуу тартибине өтөт. Буга чейин 80%ы пилоттук негизде сыналган. Эми былтыр кошулбай калган жогорку класстар менен гимназиялар беш күндүк окутууга өткөрүлмөкчү.
5 күндүк окуу тартибине өтүүдө айрым предметтер кыскарат. Кээ бир класстарга жаңы сабактар киргизилет.
Кыскартылган предметтер 9-класстарга туура келет. Мында физика жана информатиканын сааттарынын саны 1 саатка кыскартылды.
Бүтүрүүчү класстарда мамлекеттик тил боюнча сааттар көбөйөт. Анткени 2019-жылы 11-класстын бүтүрүүчүлөрү жалпы республикалык тестирлөөдө «Кыргыз тилинен» тест беришет. Предмет «Физика», «Астрономия» сабактарынын кыскарышынын эсебинен көбөйтүлөт.
Жаңы предметтер 5-6-класстарга кирүүдө:
— Жашоо тиричилигинин коопсуздугунун негиздери, адеп боюнча окуу темаларын кошкондо «Адам жана коом» интегралдык курсу кирет.
— «Информатика»
— «Технология»
Мындан сырткары 6-класстарда англис тилинин жумалык сааты 2ден 4кө чейин көбөйөт. 5-класстарда 2ден 5ке чейин былтыркы окуу жылынан тарта көбөйтүлгөн эле.
Ошондой эле 5-6-класстарда «Көркөм сүрөт чыгармачылыгы» жана «Музыка» сабагын окутуу жаңы предметтик стандарттар боюнча жүргүзүлөт.
Базистик окуу планы окуучулардын физиологиялык жана психологиялык мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен иштелип чыккан. Мамлекеттик билим берүү стандарты тарабынан аныкталган сааттар класстар боюнча төмөнкүдөй көлөмдө бекитилген:
класстар | 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 |
Жумалык окуу жүгү | 20 саат | 22 саат | 24 саат | 25 саат | 29 саат | 30 саат | 30 саат | 30 саат | 30 саат | 29 саат | 30 саат |
Чектүү окуу жүгү | 20 саат | 23 саат | 25 саат | 26 саат | 30 саат | 31 саат | 33 саат | 34 саат | 35 саат | 32 саат | 33 саат |
Быйыл жаңы окуу жылы жылдагыдай эле 1-сентябрда ачылат. Буга чейин окуу жылынын башталышын 10-сентябрга жылдыруу сунушталган. Билим берүү министрлигинин демилгесин өкмөт бекитип бере элек.
Кыргызстанда жалпы 2 миң 240 мектеп бар. Аларда жалпы 1 млн. 158 миң 482 бала окуйт.
Оставьте первый комментарий