Ош шаарынын бюджети 30%га жогорулайт

Ош шаарынын бюджети пландагыдан 30%га көбөйөт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жергиликтүү бюджет көмүскө салыктардын эсебинен көтөрүлөт. Ал багытта үй шартында иштеп жаткан коммерциялык багыттагы ишканалар мыйзамдаштырылмакчы.

Андан сырткары салыктарды өз убагында жыйноо боюнча механизмдер  иштелип чыгат. Мында салык төлөөчүлөргө ыңгайлуу шарт түзүлмөкчү.

Түшкөн салыктар боюнча ар айдын аягында отчет жасалып турат. Тапшырманы тиешелүү кызматтарга шаар башчысы милдеттендирген.

Эске салсак, Таалайбек Сарыбашев Ош мэрлигине киришип жатып жергиликтүү бюджетти көтөрүүнү убадалаган эле. Канчалык ишке ашаары алдыдагы убакыттан көз каранды.

Т-медиа
Автор Т-медиа 3509 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо