
9-августта Ош шаарынын айрым аймактарында 09:00дон 17:00го свет болбойт. Бул тууралуу Ош мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.
8 сааттык өчүрүү №10 “Курманжан Датка” аймактык кеңеши менен Жапалак айылдык аймактык башкармалыгына тиешелүү. Тагыраагы, Н. Исанов, К.Кулматов көчөлөрү менен Озгур айылында убактылуу электр энергия берүү токтотулат.
8 сааттык өчүрүү 2018-2019-жылдардагы күз-кыш мезгилине энергетика объектилерин даярдоо иштерине байланыштуу болуп жатат.
Пикир калтыруу