Жаңы окуу жылынан китептер ижарага бериле баштайт

2018-2019-окуу жылынан тарта Кыргызстанда мектептерде китептер кайрадан ижарага бериле баштайт. Азырынча 5-6-класстарды гана камсыздай алат.

Ижарага берилчү китептер өлкөдөгү мектептердин баарын камтыбайт. Ош, Талас облусунун бардык мектептери, Ноокен, Кочкор, Кадамжай, Жайыл жана Ысык-Көл райондорундагы 397 мектепте ишке ашмакчы.

Бүгүнкү күндө 5-6-класттар үчүн китептер жаңы билим берүү стандарттары боюнча басылып чыкты. Эми ал жаңы окуу жылы башталаары менен ижарага бериле баштайт. Муну «Т-Медиага» Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Дилбар Самидинова билдирди.

»  5-6-класстарга быйылкы жылы жаңы кирип жаткан предметтер боюнча да китептер болот. «Информатика» жана  «Технология» боюнча китептер да ижарага берилет», — деди Дилбар Самидинова. 

Китептин ижара акысы банк аркылуу төлөнөт. Эгер китеп жоголуп кетсе ата-энелер төлөп берүүгө милдеттендирилет.

Азырынча ижара акынын суммасын өкмөт беките элек. Буга чейин өкмөттүн токтом долбоорунда бир китептин жылдык ижара акысы 25 сом деп көрсөтүлгөн.  Аяр катмардагы окуучулар төлөмдөн бошотулса, көп балалуу үй-бүлөнүн балдары ижара акысынын жарымын төлөйт.

Түшкөн акча жаңы китептерди чыгарууга жана сатып алууга жумшалат. Акырындап башталгыч класстардан тарта жогорку класстарга чейин китептерди ижарага берүү механизми жолго коюлмакчы.

Буга чейин Кыргызстандын өкмөтү мектептерде китептерди ижарага берүү боюнча токтом долбоорун коомдук талкууга алып чыккан. Ошондой эле билим берүү жана илим министрлигине окуу китептерин ижарага бере турган “Жаӊы китеп” мекемесин түзүүнү тездетүүнү тапшырган эле.

Кыргызстанда союз урагандан бери мектептерде китептер ижарага берилбейт. Расмий маалыматтар боюнча, өлкөдөгү мектептер окуу китептери менен 79% гана камсыздалган. Иш жүзүндө 30%ды түзөөрү айтылат.

 

 

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*