Аскер кызматкерлеринин маянасы көтөрүлдү

Келишимдик кызматтагы аскер кызматкерлеринин эмгек акысы 30%га көтөрүлдү. Өкмөттүн тиешелүү токтомуна премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, кабыл алынган токтом аркылуу келишимдик кызматтагы катардагы, сержанттык жана улук курамдын маянасы жогорулайт.

Тиешелүү токтом аскер кызматкерлеринин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн социалдык жактан корголуу деңгээлин жана аскер кызматынын аброюн жогорулатуу максаттарында кабыл алынды.

Кыргызстанда акыркы жылдары аскер кызматкерлеринин шарттарын жакшыртууга көңүл бурула баштады. Маяналарын көтөрүүдөн сырткары, үйлөр салынып үзүрлүү эмгектенгендерге тапшырылып жатат.

Т-медиа
Автор Т-медиа 3499 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо