Кыргызстан-Өзбекстан чек арасынын эки тилкеси макулдашылды

Кыргызстан менен Өзбекстан такталбаган чек ара тилкелеринен дагы экөөнү аныктады. Ал Фергана жана Баткен облустарына тиешелүү. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн маалымат кызматы кабарлады.

Шахимардан жана Газнов тилкелериндеги чектеш жерлер Фергана шаарында макулдашылды. Кыргызстан менен Өзбекстандын чек араларын тактоо боюнча кезектеги сүйлөшүүлөр 1-7-август күндөрү өткөн.

Былтыр Кыргызстан менен Өзбекстандын 1378 чакырым чек арасынын 85% такталган. Калган 208 чакырымы былтыр жыл соңуна чейин макулдашылары айтылып, аягына чыкпай калган. Адистер чек аранын калган бөлүгү эң оор участкалар экенин, муну тактоо жакын арада бүтпөй турганын айтып келет.

Т-медиа
Автор Т-медиа 3490 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо