
Араван районундагы Чөгөм-Загара жолу эки тараптуу жабылды. Муну өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
ӨКМ билдиргендей, 12-августта жааган жаандын кесепетинен Чөгөм-Загара унаа жолуна шагыл таштары түшүп, жолду жаап калган. Тазалоо иштери бүгүн, 13-августта жүргүзүлөт.
Кошумчалай кетсек, кечээ, 12-августта Ош облусунда унаа жолдордон үчөө жабылган. Чөгөм-Загара жолунан сырткары, Ош-Сары-Таш-Эркештам жана Ош-Папан-Кожокелең унаа жолдордорун шагыл таштары бууп калган.
Пикир калтыруу