Өнүктүрүү стратегиясында 2023-жылга чейинки мезгил өзүнчө бөлүнүп каралат

Кыргызстанды 2040-жылга чейинки узак мөөнөткө өнүктүрүүнүн стратегиясы этап этабы менен ишке ашат. Баштапкы баскычында 2023-жылга чейинки мезгил өзүнчө бөлүнүп каралат. Бул мезгилде аткарылчу максаттар менен жасалчу иштер так аныкталды. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Улуттук кеӊештин жыйынында билдирди.

«Биздин максат — өнүккөн өлкөнү, чыныгы көз карандысыз мамлекетти куруу. Бул максатка жөн эле жетүүгө болбойт. Стратегиялык максаттарыбыздын ишке ашуусуна саясий туруктуулуктун шартында гана жетише алабыз. Коомдун тынчтыгын, өлкөдө саясий стабилдүүлүктү сактоо — өнүгүүнүн фундаменти. Бийлик бутактарынын ортосундагы ырааттуу, бир багыттуу иш-аракеттерди камсыз кылуу  — негизги милдет катары кабыл алынат. Бийликтин, бизнестин, жарандык коомдун ынтымак, биргелешкен аракеттери керек болот. Стратегиябызда бул иштерге артыкчылыктуу багыт катары көӊүл бурулат. Мен өлкөнүн Президенти катары бул үчүн бардык ыйгарым укугумду колдоном», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун  төрагалыгы алдында  бүгүн, 13-августта биринчи жолу Улуттук кеӊештин жыйыны өтүүдө. Анда Кыргызстанды 2040-жылга чейинки узак мөөнөткө өнүктүрүүнүн Стратегиясы жана 2018-2020-жылдары Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндө мыйзамдарын өркүндөтүүнүн стратегиясынын долбоорлору каралып жатат.

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*