
Ош-Папан-Кожокелең унаа жолу бир тараптуу жабык турат. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 12-августта Ош-Папан-Кожокелең ички чарбалык унаа жолунун Ак-Талаа жана Кара-Гур тилкелеринде шагыл аралаш сел жүргөн. Анын кесепетинен жол толук жабылып калган.
Тазалоо иштери жүргүзүлүп, унаа жол саат 23:30да бир тараптуу ачылган. Экинчи тарабын ачуу иштери бүгүн, 13-августта улантылат.
Оставьте первый комментарий