
Ош шаарынын айрым аймактарында таза суу берүү убактылуу токтоду. Бул тууралуу «Т-Медиага» Ош шаардык суу чарба башкармалыгынын башчысынын орун басары Талантбек Байкишиев билдирди.
«Папан айылына түшкөн селдин кесепетинен Ак-Буура дарыясы ылайкаланып кетти. Ошого байланыштуу Юго-Восток, ХБК кичи райондорунан жана Калинин, Достук массивтеринен башка аймактарда суу берүү таңкы саат беште токтотулду » , — Талантбек Байкишиев.
Маалыматка ылайык, таза суу бүгүн саат 17-00го чейин берилип калат. Азыр адистер тазалоо иштерин жүргүзүүдө.
Эскертүүсүз өчүрүүгө байланыштуу Ош шаардык суу чарба башкармалыгы таза суу жеткирүүнү уюштурган. Сууга муктаждар төмөнкү номерлерге байланышса болот.
105, 8-11-15, 8-11-51.
Эске салсак, Ош шаарында таза суу жаан жааган күндөрү токтоп турат. Ылайканы автоматтык түрдө тазалоого суу чарба башкармалыгынын техникалык мүмкүнчүлүгү жетиштүү эмес.
Пикир калтыруу