
Шагыл таштары бууп калган Ош-Папан-Кожокелең автоунаа жолу толук ачылды. 12-августта тазаланып бүтпөй калган жолдун экинчи тарабы кечээ түндө сүрдүрүлүп бүттү.
ӨКМ маалымдагандай, азыр жол эки тараптуу ачык. Автоунаалар кечээ 20:оодон баштап жүрүп жатат.
Эске салсак, 12-августта Ош-Папан-Кожокелең ички чарбалык унаа жолунун Ак-Талаа жана Кара-Гур тилкелеринде шагыл аралаш сел жүргөн. Анын кесепетинен жол толук жабылып калган.
Пикир калтыруу