Ошто кыргыз-өзбек мелдеши өттү

Кыргызстан менен Өзбекстандын көзү азиздери спортто беттешти. Мелдеш бүгүн, 14-августта Кара-Суунун Кашкар-Кыштак айылында уюштурулган.
Эки өлкө достугун чыңдоого багытталган мелдешке катышуучулар Андижан облусунун Ханабад шаарынан келишкен. Алар Кара-Суу районундагы көзү азиздер менен күч сынашты.

Мелдеш спорттун 5 түрү боюнча өттү. Эки өлкөдөн ондон катышуучу шахмат, шашки, таш көтөрүү, обурч айландыруу жана кол күрөштөн таймашышты.

«Мен абдан толкунданып турам. Эки өлкөнүн достук мелдеши болуп жаткан учурда мен обуруч айландырдым. Абдан кубанычтамын кыргыз эли менен дайым ушундай жолугушуулар көп болуп турсун»,-деди Өзбекстан жараны Абдусамад Шавриков.

Эске салсак, ушул жылдын май айында кыргызстандык көз азиздер Өзбекстандын Ханабад шаарына барып спортто күч сынашып келген.

Т-медиа
Автор Т-медиа 3490 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо