
Ош шаарына ичүүчү суу бүгүн таңкы саат 6:20да коё берилди. Түшкү саат 1-2де толук жеткиликтүү болот. Бул тууралуу «Т-Медиага» Ош шаардык суу чарба башкармалыгынын башчысынын орун басары Талантбек Байкишиев билдирди.
«Ак-Буура дарыясындагы ылайка толугу менен тазаланып бүттү. Негизи таза сууну кечээ 17:00до берилет деп пландаган элек. Бирок Ак-Буура дарыясындагы 6000 мг/литрден ашкан ылайканы тазалоого биз ойлогондон көп убакыт кетти»,-деди Байкишиев.
Эске салсак, 13-августта Курманжан-Датка, Манас-Ата аймактык кеңештери жана Достук, калинин массивдеринен башка аймактарга таза суу берүү таңкы саат 5те токтотулган. Эскертүүсүз өчүрүүгө Папанда жүргөн сел себеп болгон.
Оставьте первый комментарий