
Белгилүү алып баруучу, маданиятка эмгек сиңирген ишмер Салтанат Саматова 46 жашында узакка созулган оорудан улам каза болду.
Маркум менен коштошуу зыйнаты 16-августта саат 10:00дө болот. Сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлары айтылды.
Салтанат Саматова 1972-жылы 1-мартта Фрунзе шаарында (азыркы Бишкек- ред.) туулган. Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектебин, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин музыка факультетин бүтүргөн. Алгач Кыргыз улуттук радиосунда, кийин “Европа плюста» иштеп, КТРКда “Акыл ордо” интеллектуалдык ток-шоусун алып барган.
Ал 2011-жылы рак илдетине кабылган. Соңку бир жылда рак оорусу күчөп, дарыланып жаткан.
Маркумдун артында бир уул, бир кызы калды.
Оставьте первый комментарий